Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту

2014-жылдын 7-ноябрында, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетика чөйрөлөрүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Премьер-министр Карим Масимов Президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Казакстан Республикасынын Өкмөтү аракеттерди жумшай тургандыгына ишендирди.

Leave a Reply