жоомарт

 Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Москвада Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен экономикалык кызматташтык жана Евразиялык интеграция жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

«Экономикалык, жылуулук-энергетикалык, өндүрүш, транспорт, каржы жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыктын маселелери жолугушуунун негизги темалары болот. Буга катар эле Д.Медведев менен Ж.Оторбаев, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык интеграцияга кошулуу келишиминин ишке ашырылышын карашат», – деп жазат Россия өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Эртең, 2-декабрда Ж.Оторбаевдин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйынына катышуусу пландалган. Оторбаев комиссиянын кыргыз тарабын жетектесе, Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов орус тарапты жетектейт.

Отурумда соода-экономикалык чөйрөдөгү, жылуулук-энергетикалык комплекс, минералдык-сырьелук жана тоо-кен өндүрүш тармактарындагы, агроөндүрүш, өндүрүш, транспорт, туризм, каржылык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар маселелер талкууланат.

Күн тартибиндеги маанилүү пункт болуп, 2012-жылдын сентябрында кол коюлган Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогоркунарын каскад ГЭСин куруу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык гидроэнергетикалык чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы эсептелет.

Ошондой эле, кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3-декабрда өкмөт башчы Ж.Оторбаев, Башкортостандын борбору Уфа шаарына иштиктүү сапары менен барат. Ал жакта президент Рустэм Хамитов менен жолугушат, ошондой эле, бизнестин, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, Ж.Оторбаев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйынына катышуу үчүн Москвага кечээ, 30-ноябрда учуп кетти.