Вице-премьер Э.Сариева: Өкмөт мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин жакшыртат
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева, өкмөттүн мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин киргизүү боюнча жетишкендиктерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал 28-ноябрда «Мамлекетик социалдык буйрутма жөнүндө» КРнын жаңы редакциядагы мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдо билдиргендей, «социалдык буйрутманы киргизүү тажрыйбасы аталган механизмди жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи».
«Жаңы өзгөртүүлөр мамлекеттик социалдык буйрутма тутумунун кемчиликтерин жоюуга, ошондой эле аны ишке ашыруунун жаңы формаларын: социалдык тейлөөнү мамлекеттик сатып алууну, коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жана муктаж жарандарга социалдык тейлөөнү сунуштоону киргизүүгө багытталган», — деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле Э.Сариева белгилегендей, мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдар социалдык көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик социалдык буйрутма формасын пайдалануу укугуна ээ болот.


Leave a Reply