Парламент И.Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды
Парламент бүгүн, 28-январда Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды. Депутаттар И.Жолдубаевага бир катар суроолорду беришип, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты. Айрыкча, эл өкүлдөрү Жолдубаеванын мамлекеттик тилди билүү деңгээлине, жана ал тапшырык мүнөзүндөгү иш аракеттерди кылбайбы, туугандарынын таасиринде калбайбы деп кызыгышты. Айрым депутаттар талапкерден дайындалып калса Нариман Түлеевдин жана Акматбек Келдибековдун ишине жакшылап көңүл бөлүүнү өтүнүштү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңеш И.Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды. 107 депутаттын 105и макулдугун берсе, 2 депутат «каршы» болушту. Процесс электорндук добуш берүү менен жашыруун өттү.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply