Жаӊы депутаттар ант берди
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 28-январда өтүп жаткан жыйынында жаӊыдан КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Ибраев Саматбек Кулукеевич менен «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Ибраев Таалайбек Омукеевич ант берди. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков ант берүү менен өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришкен Саматбек Ибраев менен Таалайбек Ибраевди жалпы депутаттардын атынан куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Эске салсак, депутат Саматбек Ибраев Акыйкатчынын орун басарлыгына шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Гүлнара Жамгырчиеванын, ал эми депутат Таалайбек Ибарев соттолгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Нариман Тюлеевдин ордуна келди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply