ОшМУда бүгүн, 23-октябрда аталган окуу жайдын 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаты Улан Примов, ошондой эле, вице-премьер-министр Эльвира Сариева катышууда.

Иш-чараны ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып, окуу жайынын курулуш, жетишкендиктери жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Маалым болгондой, бардык коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, өлкөнүн алдыңкы окуу жайынын профессордук мугалимдер курамынын илим-билимди, маданий жана коомдук турмуштун башка тармактарын да өнүктүрүүдө кошкон салымдарын белгилешти.

23 10 2014_ошгу 2

23 10 2014_ошгу 3

23 10 2014_ошгу 5

23 10 2014_ошгу 6

23 10 2014_ошгу 7

23 10 2014_ошгу 1

Булак: Turmush