images (2) images

Ош шаарында жаштардын арасында Менди сүрөтүн тартуу мода болууда. Менди (ошондой эле, Мехенди) — денеге хна боегу менен сүрөт тартуу.  Менди сүрөтү татуировкадан айырмаланып, убактылуу гана тартылат, бирок, ал башка денеге тартылган боектордон айырмаланып, көпкө чейин кармалат. Денеге тартылган сүрөт кылдаттык менен иштєєнї,  чоў чыгармачылыкты талап кылат.  Менди сїрєтї 10 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин тартылат, сиңип кургашы үчүн бир саат кармаш керек. Менди сүрөтү Байыркы Египетте 5 миң жыл мурун пайда болгон. Аны менен бай аялдар денесин жана тырмактарын боешкон.

Самара  КАПАРОВА