Ооган согушунун баатырлары эскерилди
Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына арналган салтанат Баткен шаарындагы Жеңиш паркында өткөрүлдү. Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын баатырларына арналып тургузулган эстеликтин алдына ооган ардагерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме уюмдардын жетекчилери келишти. Салтанат алгач ооган согушунда курман болгон баатырларды 1 мүнөттүк тыныгуу менен эскерүүдөн башталды.
Салтка ылайык эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Ал эми майрамдын салтанаттуу бөлүгү Аппаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлүп, майрам ээлерин Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейит Абдрахманов куттуктап, бир катар ардагерлерге Баткен областынын өнүгүүсүнө салым кошкондугу жана келечек муундарды мекенчилдикке үндөөдөгү салымы үчүн областтык өкүлчүлүктүн ардак грамоталары менен сыйлады.
Ошондой эле Баткен областынын Ооган ардагерлер кенешинин төрагасы Равшанбек Жумаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ооган ардагерлерин ар тараптуу колдоосу үчүн облустук өкүлчүлүктүн Регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаевке «Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 25 жылдык» юбилейлик медалы менен сыйлады. Ошондой эле Баткен шаарынын вице мэри Имигүлсүн Рыскулова «мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облустунун аймагында 462 ардагер бар. Аларга мамлекет тарабынан ден соолугун чыңдоо үчүн эс алуу санаторияларына жолдомолор жана ар кандай жеңилдиктер берилип турат.
Ал эми 15-февраль ооган жергесинен чыгарылгандыгынын күнүнө арналган датага карата жер жерлерде спорттук иш-чаралар жана жаш муундар менен ардагерлердин жолугушуулары өткөрүлүүдө.
Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу


Leave a Reply