Баткенардагер1

 Учурда 93 жашка толгон Улуу Ата Мекендин согуштун катышуучусу Эгемберди Абылкасымов Лейлек районунун Кара-Суу айылында жашайт. Ал 1943- жылы аскерге чакырылып, Латвия, Литва, Польша мамлекеттерин немец баскынчыларынан куткарууга, Сталинградда туткунга түшкөн немец генералы Паулюсттун солдаттарын кайтарууга катышкан. Согуш аяктагандан кийин дагы 3 жыл кызмат өтөө менен Эгемберди Абылкасымовдун 7 жылдык өмүрү согуштан кийинки Советтик армиянын катарында өткөн.

Ардагер күн сайын эрте туруп, отун жарып, мал-жандыктарын да өзү карайт. “Бул менин ден-соолугум үчүн өтө пайдалуу”, -дейт ардагер. Согуш жөнүндөгү эскерүүлөрүнө кулак төшөп отурдук.

«Мен айылда өскөндүгүмдөн мылтыкты таамай атчумун. Биринчи жолу армияга чакырганда боюң жетпейт, салмагың аз деп кайтарды. Кайтайын деп жатсак кайра чакырып алып, Сталинден буйрук келди деп алып кетти. Согуштун өтө оор жерлеринде болдум. Шуулдап учуп өткөн октор кадимкидей кулакка угулуп турчу. Мени көзгө атар мерген экенсиң деп полктун генералы дайыма алдына жан сакчы катары да алып жүрчү» -дейт.

«Ар дайым кыймылда болуп, өз өмүрүмдү узартып келем. Турникке тартынчумун», – деп өрнөктүү өмүр жөнүндө көпкө сүйлөп отурду  Эгемберди ата.

Жакында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиядагы Москва шаарынын мериясы тарабынан чакыруу алып, ага да барып келди. Дале тың шайдоот жүргөн Эгемберди Абылкасымов Москвага барып кыргыз желегин 93 жашка чыкканына карабастан желбиретип турду. Куралдаш достору менен болгон салтанаттуу бул жолугушууда Президиумдан орун алганын кошумчалады.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу