Нарындагы Кулжанын айкелин 24 жаштагы Адилет 1 жумада жасап тоңдурган (фото)
Анын айтымында, мындай айкелдерди жылына эле Учкун айылында жасап келишет. Бул ирет Кулжанын муздан тоңдурулган айкелин Нарын шаарында жасашкан. Кулжаны көрккө келтирип тоңдуруш үчүн 1 жума убакыт кеткен.
«Алгач карды чогултуу менен суу куюп атып муз тоңдурдук. Интернеттен алган сүрөттөрдү колдонуу менен биринчи Кулжанын сөлөкөтүнө керектүү формаларды тоңдурдук. Андан соң жаныбардын башын, денесин жана алдында көтөрүп турган жагын жасап, кийин аларды кошуп уладык. Жаныбардын мүйүзү менен бутуна зым жана жыгач колдонулду, себеби аны көтөргөндө бир буту сынып калган. Ошон үчүн бутуна жыгач колдондум. Ал эми калганынын баары муздан тоңдурулду», – деди А.Кутбидинов.
Ал кошумчалагандай, мурда айылда жасап жүрүшкөн, бул ирет жеңил эле болду.
«Өткөн жылы кыргыз аяз ата, аяз кыз жасаганбыз жана былтыр, 2014-жылы Учкун айылында жылкы жылына карата ат жасап, анын үстүнө минип сүрөткө түшкөндөр болгон. Ошондой эле Нью-Йорктону кыздын эркиндик эстелигин көтөрүп турганын да жасагам. Бул Кулжаны курууга байке жардам берди. Анан бул Теңир-Тоо аянтына алып келдик», – деди ал.

Leave a Reply