аргынбек
 Кыргызстан жакынкы убакта Кытай жана кошуна мамлекеттер менен Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулуш маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Tazabek’ке кечээ, 7-январда «Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулуш маселеси боюнча бир нече вариант каралууда.

«Бизде бир нече варианттар бар. 2013-жылдын 28-майында Россия—Казакстан—Кыргызстан—Тажикстан каттамы боюнча темир жол долбоорунун маселеси каралган расмий эмес саммит болгон. Ушундай дагы башка дагы вариант бар. Бул маселелерди карап жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек жана андан кийин чечилет», – деди ал.

Ишкананын жетекчисинин кабарлашынча, акыркы вариант азырынча бекитиле элек.

«Акыркы вариант бекитиле элек. Биз алдын ала талкууладык. Азырынча акыркы сүйлөшүүлөр жүрө элек, комментарий болбойт. Биз акыркы вариантты кабыл алып андан кийин техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүшүбүз керек. Бир нече варианттар бар. Биз Кыргызстан үчүн жакшысын тандап алышыбыз керек», – деди Малабаев.

Анын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жакынкы убактарга пландалган жана серепчилерди Кытай менен Россияга иш сапарлары болушу пландалууда.

«Макулдашуу болору менен барабыз», – деди ал.

Малабаев темир жол Кыргызстанга транзиттик мамлекет болууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Булак: Баракелде