Мароккодогу суу ташкында 32 адам каза таап, ондогон адамдар дайынсыз жоголушту
Мароккодо нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташып, кеминде 32 адам мерт болду. Бул маалыматты аталган өлкөнүн ички иштер министри тастыктаган. Алгач 17 адам каза тапканы айтылган, бирок кечээ Гульмин аймагындагы дарыянын жээгинен дагы 11 адамдын жансыз денеси табылган, ошондой эле ар кайсы райондордон каза тапкан адамдардын денелери табылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик мааалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Мындай табигый кырсык 1986-жылдан бери каттала элек. Ум жана Ашад дарыяларындагы суунун деңгээли мынчалыкка көтөрүлгөндүгү байкалган эмес. Жергиликтүү калк дүрбөлөңгө түшүүдө”,- деп чет элдик басылмалардын бирине жергиликтүү тургун билдирген.
Булак: super.kg


Leave a Reply