манас1

«Манас» эпосу Эл аралык International Ratings Center рейтинг агенттигинин версиясы боюнча адамзаттын руханий байлыктарынын дүйнөлүк тизмесине кирди. Бул туурасында өлкөбүздүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 5-февралда өткөн коллегиялык жыйынында аталган агенттиктин төрагасы Олег Тэули билдирди жана ааламда теңдеши жок эпостун дүйнөлүк тизмеге киргендиги тууралуу сертификатты вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага тапшырды.