электр1

Кечээ республиканын энергетика тармагынын ардагерлери атайын кайрылуу менен чыгышты. Анда “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетикасында абдан көп проблемалар бар экендигин эч ким тана албайт. Муну бардыгыбыз тең эң жакшы билебиз. Бул проблемалар биз каалагандай тез болбосо да чечилип жатканын, соңку жылдары муз ордунан козголгонун көрүп жатабыз”, – деп айтылат.

Кайрылууда активист Расул Умбеталиевдин Ысык-Көлдүн толкуну, шамал жана күн энергиясы өңдүү энергиянын альтернативдик булактарына өтүүнүн зарылдыгы тууралуу айткан сөзүнө карата түшүндүрмө берилип, булар кымбатка туруу менен баа атаандаштыгына туруштук бере албай тургандыгы, аларга салынган каражатты актоо үчүн бүгүн биз импорттоп жаткан казакстандык электр энергиясынан да кыйла жогору турган тарифти төлөөгө туура келээри, андыктан мындай жоопкерсиздик менен коомчулукту адаштыруунун кереги жоктугу баса белгиленген. Ошондой эле эксперт Эрнест Карыбековдун учурда Кыргызстанда кезектетип өчүрүүлөр болуп жаткандыгы, жазында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң төмөнкү чекке жеткенде ал дагы көбөйөөрү тууралуу билдирүүсү чындыкка туура келбей тургандыгы айтылып, авариялык өчүрүүлөр болбой койбой тургандыгы, ошондой болсо да алардын саны жыл сайын азайып жаткандыгы, ал эми кезектетип өчүрүүлөр дегеле жок экендигин бардыгы тең жакшы билишээри билдирилген.

Таалайбек ТЕМИРОВ