Мамырова

Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Бөдөш Мамырова билдирди.

Депутатка айрым мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге салынган үйдүн батирлерин бөлүштүрүүдө теңсиздик болгондугу тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Жарандардын арызын жерге калтырбай көңүл буруп, колго алуу жагын Б.Мамырова Өкмөткө багыттады.

Ошондай эле депутат бир катар мисалдарды келтирип, дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен улам өспүрүм балдардын саламаттыгына доо кетип жаткандыгын айтып, мындай жагдайлар көп кездеше баштаса дагы көңүл сыртында калып-калып жатканын баса белгиледи деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.