Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов бүгүн, 22-октябрда Ага-Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шамш Кассим Лакханы кабыл алды. Бул тууралуу Turmush асылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өкүл менен болгон жолугушууда Шамш Кассим Лакха мырза Нарын шаарынынын түштүк тарабында Ага-Хан уюму тарабынан курулуп жаткан Борбордук Азия университетинин курулуш иштерине токтолду. Анда сөз болгондой аталган университеттин курулуш иши 2016-жылы бүткөрүлө турганы белгиленип бул жылдын 1-декабрына чейин 1чи корпусунун курулуш иштери бүткөрүлөөрүн айтты.Ал эми өкмөттүн өкүлү А.Кайыпов, бул Борбордук Азия университети бир гана Нарын облусунда эмес өлкө ичиндеги эң чоң ири университеттердин биринен боло турганын айтып, андагы бардык шарттары, бардык багыттары каралган окуу жайларынын бири болоорун белгиледи.

Жолугушууда белгиленгендей, Нарын шаарында курулуп жаткан Борбордук Азия Университети 2016-жылдын 1-сентябрында алгачкы студенттерди кабыл ала башташат.

15607_g
Булак: Turmush