Бишкекте калктын биометрикалык каттоосун массалык түрдө чогултуу башталды (пункттардын даректери)
20-октябрда Бишкек шаарында калктын биометрикалык каттоосун массалык түрдө чогултуу башталды, деп билдирди КРнын мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү.Биометрикалык маалыматтарга: 10 манжанын изи, санариптик сүрөт жана электрондук кол тамга керек.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын түндүк филиалы боюнеча директору Н.Дуйшекеевдин айтымында, Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборунда эрте менен саат 09:00дөн баштап жарандар өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруу үчүн келип жатышат. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча пункттар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарды тапшырууга келген жарандын жанында ID-паспорту же жалпы жарандык паспорту, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту болушу керек.
Бишкек шаарынын жашоочуларына ыңгайлуу болушу үчүн Мамкаттоонун Сall-борбору (0312) 87 33 33; 0800 555-55-10 (чалуу акысыз) номурлары аркылуу иштөөдө.
Маалымат чогултуу боюнча пункттар:
| № |
Мекеменин аталышы |
Пункттардын даректери |
Саны |
| ОКТЯБРЬ РАЙОНУ | |||
| 1 | Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктү каттоо департаменти | Чолпон-Ата көчөсү, 2 | 1 |
| 2 | №73 орто мектеп | Тунгуч кичирайону | 1 |
| 3 | №88 ОМ | Көк Жар к/р | 1 |
| 4 | №63 ОМ | 11-к/р, жогорку Асанбай | 1 |
| 5 | №71 ОМ | 12-к/р, Көк-Жар | 1 |
| 6 | №8 муниципалдык-аймактык башкармалык кеңсеси | 10-к/р | 1 |
| 7 | №62 ОМ | 9-к/р | 1 |
| 8 | КМКТАУ | Бишкек, Малдыбаев көч, 34 Б | 1 |
| 9 | №20 ОМ | 7-к/р | 1 |
| 10 | №56 ОМ | 6-к/р | 1 |
| 11 | РЭО Бишкек | Алматинка көч. | 2 |
| 12 | Калкты тейлөө борбору | 5-к/р, д 43 | 1 |
| 13 | №17 ОМ | 4-к/р | 1 |
| 14 | №60 ОМ | 3-к/р | 1 |
|
БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ
|
|||
| 1 | Калкты тейлөө борбору | Л. Толстой көч, 24 | 2 |
| 2 | И.Раззаков атындагы КТУ, Тоо-кен институту | Тынчтык көч, 66 | 2 |
| 3 | Скрябин атындагы Агрардык университет | Медеров көч, 66 | 2 |
| 4 | № 70 мектеп-гиманизиясы | Бөкөнбаев көч, 153 | 1 |
| 5 | №27 ОМ | Иваницин көчөсү, 147 | 1 |
| 6 | Кыргыз Экономикалык Университети | Т.Молдо көчө, 58 | 1 |
| 7 | №49 ОМ | 9-январб көч, 1 | 1 |
| 8 | №19 ОМ | Кулиев көч, 187 | 1 |
| 9 | №16 муниципалдык-аймактык башкармалык имараты, Ак Босого | Профессора Зима көч, 264 (эски толчок) | 1 |
|
ЛЕНИН РАЙОНУ
|
|||
| 1 | № 50 ОМ | Месароша көч, 3 | 1 |
| 2 | №7 ОМ | Левоневский/Л.Толстой көч. | 1 |
| 3 | № 84 ОМ | Өмүрканов көч. | 1 |
| 4 | № 93 ОМ | Каракоо көч. | 1 |
| 5 | №5 муниципалдык-аймактык башкармалык имараты | Шота Руставели көч. | 1 |
| 6 | № 58 ОМ | Чыгыш көч. | 1 |
| 7 | № 57 ОМ | Интергельпо көч, 2 | 1 |
| 8 | № 42 ОМ | Алымкулов көч, 1 | 1 |
| 9 | №3 муниципалдык-аймактык башкармалык | Ала-тоо конушу | 1 |
| 10 | Мамкаттоо | Бишкек, Манас проспектиси | 1 |
| 11 | Чон-Арык конушу | Жеңиштин 50 жылдыгы көч, 39 а | |
|
СВЕРДЛОВ РАЙОНУ
|
|||
| 1 | «Бишкекпочтасы» МИ | Чүй көч, 96 | 1 |
| 2 | № 11 ОМ | Москва көч, 54 | 1 |
| 3 | Калкты тейлөө борбору | Жибек-Жолу көч, 220 | 1 |
| 4 | Туризм академиясы | Чүй көч, 99 | 1 |
| 5 | № 1 ОМ | Аламедин-1 к/р | 1 |
| 6 | Ыкчам документтөө бөлүмү | Чолпон-Ата көч, 123 | 1 |
| 7 | № 10 ОМ | Үсөнбаев көч, 164 | 1 |
| 8 | №46 ОМ | Сеченев көч, 46 | 1 |
| 9 | «Эне-Сай» конушу | Эне-Сай көч, 10 | 1 |
| 10 | Кыргыз билим берүү академиясы | Тыныстанов көч. | 1 |
| 11 | Чүй университети | Сүйүнбаев көч. | 1 |
| Бардыгы: 50 пункт | |||

Leave a Reply