кс1- кс- кс2-

Чүй жана Кемин районунун жашоочулары менен Токмок шаарында өткөн жолугушууга Жогорку Кеңештин вице спикери Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынын депутаттары Эркин Сакебаев, Алла Измалкова, Абдыманап Кутушев, Бахтияр Кадыров жана бир катар тиешелүү министрликтердин, ведомостволордун жетекчилери катышты.

Вице-спикер Т. Зулпукаров шайлоочуларды жаңы жылы менен куттуктап, мындай жолугушуулар жеринен эле бир катар маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөөрүн билдирди.  «Өлкөбүздүн дээрлик баардык аймагында социалдык маселелер бири бирине окшош, андыктан, тишелүү министрликтин өкүлдөрү маселени жеринде чечип же түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт»-деди депутат Э. Сакебаев.

Жолугушууга келген жашоочуларды негизинен электр энергиясына болгон тарифтер, жеке турак жай үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, сугат системаларын калыбына келтирүү, бала бакча, мектептерди куруу, сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу, айыл өкмөттөрүнүн алдында техсервистерди куруу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Андан сырткары, айрымдары И. Раззаков атындагы университеттин Токмоктогу филиалынын жабылып жатышына нааразы болушту. Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, ЖОЖдорду реформалоонун алкагында филиалдар кыскартылып жатканын билдирип, окуп жаткан студенттер окууларын бүтүрүшө тургандыгын белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Т. Зулпукаров көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берилип, аны парламент көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

КСДП фракциясынын катчылыгы