Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев орто мектеби эки жолу жер титирөөнү өткөргөндүктөн абалы өтө начар, деп билдирди аталган мектептин директору Чолпон Өмүрова ЖК депутаты Т.Ибраевдин Кочкорго келген иш сапарында.

Анын айтымында, ордуна 500 орундуу жаңы мектеп салынышы керек.

Анын билдиргенине караганда, мектеп абдан эскирип, чатыры түшөйүн деп калган. Пайдубалы жерге кирип, дубалдары кулап калуу коркунучунда турат.

Маалыматка ылайык, мектептин 4 корпусу бар, анын ичинен бирөөсү 1927-жылы курулган. Калганынын санитардык абалы начар. Анын үстүнө ичине көгүчкөндөр уялап, толуп кеткен.

«Азыр балдардын окууга келүүсү да азая баштады. Эми жергиликтүү тургундар бир корпусту бала бакча катары алуу керек деп жатышат. Эгерде ал корпус бала бакча катары кетсе үч убак окутсак да жетише албайбыз», – дейт Ч.Өмүрова.

Анын айтымында, учурда мектепте 272 бала окуйт. 40тан ашык мугалим эмгектенет. Жылуулук берүү системасы каралган эмес, мектепти илгерки калган жылыткычтар жылытат.

Учурда мунун айынан балдар да мектепке окубастан жакынкы Кочкор айылына кетип калууда.

Кезегинде ЖК депутаты Т.Ибраев мектепти Жогорку Кеңешке алып чыгып, колунан келишинче аракет кылаарын айтып өттү.turmush.kg