SantaClaus

Жаңы жылды тосуу боюнча ар бир өлкөнүн кылым карыткан каада-салты бар. Бир гана ар бир элде – кубаныч, ишеним, ак тилектер бирдей, окшош. Төмөндө Жаңы жылды дүйнө элдери кандай тосоруна сиздердин көңүлүңүздөрдү бурууну туура таптык.

Австралияда-Жаңы жыл расмий түрдө 1-январда майрамдалып, ал Мамлекеттик майрам катары эсептелинет. Бул күндү көпчүлүк австралиялыктар деңиз жээгиндеги ысык кумда, жаратылышка чыгып өткөрүшөт. Жаңы жылдын шаанисин чыгарган-балатынын анын көркүн чыгарган ар түрдүү оюнчуктардын жоктугунан Аяз ата эл алдына бөтөнчө кооз, сууга түшчү кийими жана жасалма сакалы, кичинекей коңгуроолор тагылган кызыл топусу менен чыгат. Белгилей кетүүчү жагдайлар биздегидей түнкү саат 12ни күтүшпөйт.

Австрияда-Жаңы жыл тосуу майрамы 4-декабрда эле башталат. Өлкөдөгү шахтерлор жашашкан аймактарда шахтерлордун колдоочусу – ыйык Варвара Фестивалы өтөт. Бул күнү ар бир үй-бүлө чиенин бутакчасын сууга коюшат. Себеби, ар бир үй-бүлөдө бул бутакча туура Рождество майрамында гүл ачып, бакыт алып келет деген бекем ишеним бар. Ал эми 5-декабрь күнү үй-бүлө мүчөлөрү бут кийимдерин тазалап, кире беришке коюшат. Эртеси эртең менен, ыйык Николай белек алып келди бекен деп текшеришет. Бул үмүт бир айга созулат.

Жаңы жыл келгенден кийин деле майрам аяктабайт. Алтынчы январь – Көзү ачык үч королдун күнү. Балдар бул күнү ырдап үйлөрдү кыдырып, жакшы каалоо-тилектерди айтышат. Үй ээлери берген таттууларды, акчаларды алган балдар эшикке байыркы тилдеги көзү ачыктардын баш тамгасын белги катары жазып кетишет. Себеби, Көзү ачыктардын баш тамгасын, эл “Христос бул үйдү көңүлүнө алат” деген мааниде кылымдардан бери жаңы жылдык салт катары колдонуп келишет.

Эквадордо-Жаңы жыл алдында “жаман күйөөлөр” тууралуу “жесирлердин ыйын” өткөрүүнү салтка айландырышкан. Чынында” жесирлерди” аял кийимдерин, баштарына парик кийишкен эркектер аткарышат. Алар мындай аракеттери менен өздөрүнүн аялдарынын алдында кетирген күнөөлөрү, жаман жүрүм-турумдарын актоо үчүн жазашат.

Жаңы жыл алдында саякатка чыксам деген тилегиң орундалса десең, анда түнкү саат 12-00 боло электе, чоң сумкаңды жонуңа артып, өз үйүңдү айланып чуркооң керек. Байыгың же  чоң  махабатка ээ болгуң келсе, анда жаңы жыл күнү саргыч өңдүү, темгилдери бар ич кийим кийишиң керек.

Грецияда-Жаңы жыл алдында мейманга келгендер өздөрүнүн чөнтөктөрүн толтуруп келген чоңураак таштарын” Үйдүн кожоюнунун байлыгы Жаңы жылда ушул таштай оор болсун”, ал эми кожоюндун көзүндөгү ач көздүк ушул майда таштардай өтө эле кичинекей болсун деген тилектерди айтышат. Мындан тышкары, гректер Жаңы жыл түнү- ыйык Василий бут кийимдерин белектерге толтурса деген тилекте үйдөгү мештин жанына тизип коюшат.

Чилинин-кичинекей Талька деген шаарында эмнегедир Жаңы жылды- көрүстөндө тосушат. 20 жылдан бери Тальканын жашоочулары, Жаңы жыл түнү шаардагы көрүстөнгө чогулушуп, ал жерде салтанаттуу куран окулгандан кийин, шаар мэри көрүстөндүн дарбазасын кеңири ачтырат, келгендер жакындарынын көрүстөнүнө барышып, эскеришет.

Испанияда-түнкү саат 12 болгондо,үй-бүлө мүчөлөрү дасторкондогу жүзүмдүн 12 тогологун чогуусу менен ооздоруна шашыла салышып, сааттын жебеси 12ни урганча тез жегенге ашыгышат. Себеби, ал ийгилик алып келет деген бекем ишеним бар.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ