арабия

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабиясына расмий сапары башталды. Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Бирок, өз ара кызматташуулар чындыгын айтканда, азыркыга чейин активдүү деңгээлге жеткен эмес.

Мамлекет башчыбыздын алгачкы сапары ушул кенемтенин ордун толтурууга көмөк болот деген ишенич бар.

1992-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Сауд Арабиясы абсолюттук монархия болуп эсептелет. Мамлекеттин башчысы король Абдалла ибн Абдель Азиз аль-Сауд. 13 провинциядан турган бул өлкө ээлеген аймагы боюнча дүйнөдө 13-орунда. Быйыл калкынын саны 27 345 986 адамга жетти, алардын 30%ы — иммигранттар. Сауд Арабиясынын тышкы саясаты негизинен дүйнөдө ислам динин жайылтууну көздөйт. 2011-жылдан бери өлкөдө митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Контракт кызматына негизделген Куралдуу Күчтөрүнүн саны – 224 500 адам. Аскер кызматына чет өлкөлүк жарандар да жалданат. Аскердик бюджети жагынан алдыңкы он өлкөнүн катарында.

Араб мамлекеттер лигасынын, Ислам кызматташуу уюмунун жана Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) негизги мүчөсү. Мунай экспорттун 95%ын жана өлкө кирешесинин 75%ын түзөт. Мунай кендеринин эбегейсиз запастары 1938-жылы ачылып, 1949-жылдан тарта кеңири иштетүү башталган. Мунайдын чалгындалган запастары 260 млрд. баррелге барабар. Мунай экспорттоочу өлкөлөр арасында негизги роль ушул мамлекетке таандык. Мунай куурларынын узундугу- 5062 км, газ куурлары – 837 км.

Ал эми ички дүң продукциясы жан адамга эсептегенде 691,5 миллиард долларга (24-орун) жетти. Өлкө калкынын  88 %ы шаарларда жашашат. Эң ири шаарлары –  борбор калаа Эр Риядда 4 млн., экономикалык борбор Жиддада 3,4 млн., өлкөнүн символу Мединада 1,3 млн. адам жашайт. Сауд Арабиясындагы алгачкы метрополитен Мединада курулган. Быйыл Меккеде метрополитен иштей баштады. Ар жылы ажылык зыяратка келген 2 миллион адам Мекке калаасына абдан көп киреше калтырат. Жидда менен Эр-Риядда да метро ишке берилет. 208 аэропорту болсо, алардын үчөө эл аралык.

Өлкөдө спирт ичимдиктерин ичүүгө жана баңгизаттарды пайдаланууга, ошондой эле саясий түзүлүштү оозеки жана жазма талкуулоого тыюу салынган.

Уурулук жасагандардын колдору кесилет, никеден тышкары жыныстык катнашууга баргандар жана гомосексуализм, көзү ачыктык менен кармалгандар өлүм жазасына тартылат.

Жаштар арасында спорт менен машыгуу кеңири жайылууда. Сауд Арабиясынын футболдук командасы – Азиядагы эң күчтүү командалардын бири.

1971-жылдын 2-декабрында федеративдик жети эмираттан куралган  бул өлкө кыска аралыкта мунай жана газдын бай кендери эле эмес, ажайып курорттору менен да дүйнөгө таанылды. Дубай, Абу-Даби, Шарджа, Фуджейра, Аджман, Рас-аль-Хайма, Умм аль-Кувэйн деп аталган жети эмираттын ар биринин өз өкмөттөрү бар.

Мунай өндүрүү өлкө экономикасын мурда болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге көтөрдү. Деңиз портторун, аэропортторду, жолдорду куруу көптөгөн жумушчу күчтөрүн талап кылгандыктан, өлкө калкынын саны европалык экспатрианттар эсебинен кыска аралыкта кыйла өскөн. Азыр Бириккен Араб Эмираттарынын калкы 3 миллионго чукулдап калды. 24%ы жергиликтүү калк болсо, 76%ы чет өлкөлүктөр. Калктын жашоо жана саламаттыкты сактоонун өсүш деңгээли жагынан дүйнөдө 14-орунда. Аялдардын орточо өмүр узактыгы 76, эркектердики 73 жашты түзөт.

7-8-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарын андан ары улантып,  Катар мамлекетине барат жана ал аталган өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Абсолюттук монархия башкаруусу бар Катар мамлекети да эгемендүүлүккө 1971-жылы ээ болгон. Ушул тапта 34 жаштагы Премьер-министр, мураскор шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жетектеп жаткан өлкөнүн ээлеген аянты Кыргызстандыкынан кыйла чакан. Калкынын саны – болгону 1,9 млн адам. Калктын 40%ын арабдар, 18,5%ын пакистандыктар, 18%ын индиялыктар жана 10%ын ирандыктар түзөт. Эркектердин жашоо узактыгы 79, аялдардыкы 78 жаш.

Мунай жана газ өндүрүү ИДПнын 50%ын толуктайт. Жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда, газ экспорттоо боюнча 6-орунда, ал эми мунайды экспорттоо боюнча 21-орунда. Негизги сатып алуучу өлкөлөр Япония (40,8 %), Түштүк Корея (16,3 %),  Сингапур (11,8 %). Америкалык Форбс журналы Катарды калктын жан адамга кирешеси (93 103 доллар) боюнча дүйнөдө биринчи орунда деп тапкан. Байманасы ашып турган Катар мамлекети «Аль-Джазира» телеканалы менен да дүйнөгө таанымал.

2015-жылы Катардын баш калаасы Дохада гандбол жана бокс боюнча дүйнө биринчиликтери, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк роботтор олимпиадасы өткөрүлөт.

Даярдаган Атай АЛТЫМЫШЕВ