Зомбулукту жоюу – жалпыбыздын ишибиз
Аялдарга карата зомбулукка каршы активдүү аракеттин жыл сайын белгиленүүчү 16 күндүгүн “Сезим” кризистик борбору шаңдуу акция менен аяктады. “Менин тилегим” деп аталган балдардын сүрөт көргөзмөсү, маалымат каражаттарында зомбулукка каршы коомдук пикирди жаратууда ийгиликке жетишкен журналисттердин эмгегин белгилөө, үй-бүлөдөгү зомбулук жана анын кесепеттери тууралуу маалыматтарды таратуу сыяктуу иш-чаралар менен коштолгон кызуу өнөктүктүн учурунда “Сезим” борборунун директору Бүбүсара Рыскуловага суроо узаттык.
– Аялдарга карата зомбулукка каршы бүткүл дүйнөлүк кампанияга Кыргызстандын үн кошконуна быйыл 16 жыл, ”Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы социалдык-укуктук чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынганына 10 жылдан ашуун убакыт өтүптүр, бирок үй-бүлөдө болсун, башка жерде болсун зомбулуктун азайганы байкалбайт, себеби эмнеде?
– Мамлекет тарабынан атайын мыйзамдын кабыл алынганы да, зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдүн массалык түрдө өткөрүлүп келе жатканы да ырас. Тилекке каршы, зомбулук деген оңой жеңиле калчу “жоо” эмес экен, адам турмушуна эзелтен чырмалып, тамырын ушунча терең кое берген экен, аны жоюп жибергенге он чакты жыл абдан эле аздык кылат. Анын үстүнө, коомчулук бул маселени укук коргоо органдарынын же бизге окшогон коомдук уюмдардын алек болчу түйшүгү деп көңүл бурбай койсо, анда кырдаал дегеле өзгөрбөй турганын күндөлүк тажрыйбабыздан көрүп жатабыз.
– Мисалы?
– Мисал издеп алыс барыштын кереги жок, бизге кайрылгандардын дээрлик 65 пайызынын өтүнүчү укуктук маселелерге байланышкан. Юристтерге жардам сурап келгендердин айрымдарынын иши боюнча коомдук жактоочу катары сот процесстерине катышууга туура келет. Өзүңөргө белгилүү, аялдарга карата зомбулук боюнча кылмыштуу аракеттерге милиция болобу, прокуратура, сот болобу (аксакалдар сотун айтпай эле коеюн), көз жумушат, иликтөө-тергөөдөн тартып сотко чейинки процесстерде ишти “тараптардын жарашуусу” менен чечкенге аракеттер жасалат. Сотко чейин жеткен учурда деле маселенин акыйкат чечилиши кыйын. Сот процесстеринин улам жылдырылып, улам башка судьяга өткөрүлүп, адамдарды беймаза кылган адатынан тышкары менин байкоомдо соңку мезгилде жаңы көрүнүш пайда болду. Мисалы, аялына айбандык менен зөөкүрдүк кылып, кылмышы мойнуна коюлуп турган жоопкердин статьясын жеңилдетүү же таптакыр эле актап чыгуу максатында “коомчулуктун пикири “ пайдаланылчу болду. Айталы, аялын өмүр бою уруп-сабап, акыры асынып өлгөнүнө чейин жеткирген күнөөкөрдү соттоп жаткан учурда айылдаштары келип, “көрсөтмө” беришет. Ошентип, аракеч, кызыл камчы “аппак” болуп чыга келет. Андан аркы “ишке” бул жакшы таканчык болуп берет.
Дагы бир мисал, алмончоктой келинчегин шаардын сыртына алып барып, досу экөөлөп аеосуз мазактаган факт боюнча сот процесси коомчулукка жакшы маалым. Төрт балалуу чырактай келинди “паланча машинеден түшүп жатканын көргөм”, “түкүнчөдөн уккам” деген айылдаштары чыркыратып туруп шуркуяга айлантып, абийирсиздикти жактап чыгышты. “Сотто жалган көрсөтмө бергени үчүн” деген жоопкерчилик эч кимдин оюна да келген жок. Ушундан улам мындай “жылчык” бар экенин укук коргоочулар өздөрү жылдырып коюшабы деген да ой кетет. Болбосо сотто саал эле буруу суроо берип койсо, теңирден тескери кеткен “күбөлөрдүн” “заказды” аткарып жатышканын кантип байкашпайт?
– Мындай “дүжүр” күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө башка айылдаштары кандай баа беришет? Иштин чыныгы себебин билгендер унчукпай эле калышабы?
– Зомбулукка коомчулук кайдыгер болсо, эч нерсе өзгөрбөйт. Эгерде укук бузулган ар бир аракетке коомчулук тарабынан көзөмөл болуп, учурунда баа берилсе, зомбулуктун деңгээли кадимкидей азаяры бышык. Ал үчүн баягы биздин “казан-аяк кагышат, эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген кайдыгер көз карашыбызды өзгөртүү зарыл. Ар бир кызматкер, ар бир жооптуу адис үй-бүлөдөгү зомбулук деген коркунучтуу кесепеттин келтирээр залалын жакшы билип, илдеттин андан ары зилдеп кетишине жол бербесе, сөзсүз бурулуш болот.
– Андай бурулуштун болоорун көпкө күтүшкө туура келеби?
– Жакында Социалдык өнүгүү министрлиги менен “Сезим” борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Келишимге кол коюлду. Швейцариялык Конфедерациянын каржылык колдоосу менен башталган атайын долбоордун чегинде ишке ашырыла турган биргелешкен аракеттер аймактардагы мамлекеттик органдардын ишмердигин зомбулукка каршы аракеттерге багыттоо, социалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо максатын көздөйт. Өлкөдө гендердик саясатты жүргүзүү вазыйпасы Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлгөн, демек үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы аракеттерди жүргүзүү боюнча жооптуу тармак болуп эсептелет.
– Мындай аракеттер мурдатан эле жасалып, бейөкмөт уюмдары Американын Дулут шаарынын үлгүсүндө жергиликтүү уюмдардын биргелешкен тармагын түзүүгө аракет кылбады беле?
– Ооба, “Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы Координациялык кеңештер түзүлгөн, бирок алардын ишмердигин “коомдук башталыштагы”, жекече демилге шартында жүргүзгөндө натыйжа азыраак болоорун турмуш далилдеди. Биздин долбоордун өзгөчөлүгү – ар бир айыл өкмөттө социалдык кызматкердин милдетин аткаруусуна шарт түзүү, зомбулукка каршы түзүлүштөрдүн аймактык баштапкы консультативдик жардам пункттарын түзүү, муктаж болгондорго жардам уюштуруп, кысталыш маселелерге келгенде жергиликтүү мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип пайдаланууга жетишүү, мүмкүнчүлүгү бар аймактарда келечекте зомбулуктан жабыркагандарга баш калкалоочу жайларды ачуу максатын көздөйт. Элет жеринде мындай муктаждыктардын бар экендиги жакында болгон жолугушууларда даана байкалды. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жарандык уюмдардын башын кошкон бул жолугушууларда соңку кезде түзүлгөн кырдаал кызуу талкууланып, мындан аркы биргелешкен аракеттердин багыттары аныкталды. Үй-бүлөдөгү зомбулук бир бүлөгө эле эмес, бүтүндөй коомго, мамлекеттин коопсуздугуна залал келтирээрин жакшы түшүнгөн элеттиктер мындай демилгени колдоого алышты. Нарын облусунда өткөн жолугушуунун катышуучулары зомбулуктан жабыркагандарга адепки жардам көрсөтүү пунктун уюштурууга атайын жай бөлүп берүү өтүнүчү менен Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповго атайын кайрылуу жолдошту. Талас облусунда өткөн жолугушуудан кийин жергиликтүү мамлекеттик органдын алдында атайын консультативдик пункт ачуу боюнча иштер башталды.
– Аталган жайларда иштей турган кызматкерлердин мындай милдетти аркалаганга адистик деңгээли, мүмкүнчүлүктөрү жетеби?
– Албетте, дароо эле баары ойдогудай иштеп кетет деген ойдон алыспыз, бирок баары бир бул иш башталышы керек. Чынында эле азыркы учурда айыл өкмөттөрүндө социалдык кызматкердин кызматы киргизилгени менен аларга азыр салык чогултуу, маалымат топтоо сыяктуу толгон-токой башка милдеттер жүктөлгөн, гендердик маселелерге келгенде жөн гана статистикалык маалымат берүү менен чектелип калышкан. Ачыгын айтканда, учурда гендердик теңчилик жана үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси бейөкмөт уюмдардын гана иши деген көз караш калыптанып калган. Биздин максат – социалдык кызмат тармагынын түзүлүшүн бекемдөө, аткара турган милдетин аныктоо, кризистик абалга дуушар болгон адамдарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөшүү.
– Жаңы жыл босогого келип калды. Сиздин тилегиңиз?..
– А бир үй-бүлөдө ырыс, ынтымак, тынчтык, жакшылык болушун тилейм.
Сүйүн КУРМАНОВА


Leave a Reply