Мындай маалыматты өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүктүн жыйындар залында өткөрүлгөн Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулуш ишинин долбоорлору тууралуу талкууда белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анда, курулуш долбоорунун автору “Лен Гидро” курулуш компаниясынын долбоору менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тааныштырды.

Ошондой эле, учурда ГЭСтердин курулушу үчүн бериле турган айрым жер тилкелери толук чечилип берилбей жатканы айтылып, Нарын дарыясынын жогорку агымына курулуп башталган ГЭСтин архитектуралык долбооруна жергиликтүү тургундардын үлүш жерлери киргендиктен маселе жаралып жатканы белгиленди.

Маалымат катары айтсак, ири курулуштун түзүлүшүн орус тараптан “Лен Гидро” курулуш комапниясы чийип жатса кыргыз кызыкчылыгын кыргыз “ГипСтрой” курулуш компаниясы коргой турганы белгиленди.

ГЭС Карта адм (3)ГЭС Карта адм (1)ГЭС Карта адм (5)ГЭС Карта адм (8)ГЭС Карта адм (7)