Зилаев

3-мартта Жогорку Кеңештин Отун энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кумтөр” кенинде көчмө жыйын өткөрүүдө.

Көчмө жыйынга аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев, депутаттар Кантемир Мурзабеков, Нуржан Бадыкеева, Майрамкан Кадырбекова жана Талантбек Узакбаев, КР Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев, “Кыргызалтын” ААКынын жана башка тиешелүү мекемелердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Алгач көчмө жыйындын катышуучулары кен жайгашкан аймактагы Давыдов мөңгүсүнүн, Петров көлүнүн, кен иштетүүдөн чыккан таштандылар сакталган жайдын абалын кыдырып, кен казуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлдөрү кен иштетүүдөгү экологиялык маселелерди көтөрүп, адистерден маалымат алууда.

Иш-чара уланууда деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.