Жогорку Кеӊештин тармактык комитети КР Башкы прокурору кызмат ордуна Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеӊештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылымыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде КР Президенти тарбынан КР Башкы прокурору кызмат ордуна сунуш кылынган Индира Жолдубаеванын талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкерди тармактык комитеттин мүчөлөрүнө КР Президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырды. И.Жолдубаеванын өмүр жолуна жана иш тажырыйбасына токтолуу менен, ал азыр Жогорку Кеӊештин кароосуна келип түшкөн соттук-укуктук реформаларды ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому анын жетекчилиги менен даярдалганын баса белгиледи. Жыйын жүрүшүндө сүйлөгөн депутаттар Нуркамил Мадалиев, Галина Скрпкина, Ширин Айтматова, Азиз Сурахматов талапкерди баарыдан мурда Башкы прокуратуранын өзүндө орун алган коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды. «Жакшы жагына өзгөрүүлөр борбордук аппаратта эле эмес, облустук жана райондук деӊгээлде да жүрүшү керек», – дешет алар. Комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев чуулгандуу иштер боюнча Жогорку Кеӊештин токтомдорунун аткарылуу зарылдыгын эске салды. Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин тармактык комитети КР Башкы прокурору кызмат ордуна Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply