Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков Жапония Парламентинин Төмөнкү палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Жапонияга болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 19-ноябрда Жапония Парламентинин Өкүлчүлүк жыйынынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө пикир алышты.
Жогорку Кеңеш Төрагасы А.Жээнбеков жапон тарапка Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында көрсөткөн көмөгү менен ишке ашырылган өнүктүрүү долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди. КР Президенти А.Атамбаевдин 2013-жылы Жапония жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыктуулугуна токтолгон А.Жээнбеков тараптардын жетишилген келишимдеринин ырааттуу ишке ашырылып жатканын канагаттануу менен белгиледи.
Парламенттер аралык байланыштарды өркүндөтүүгө токтолуу менен, А.Жээнбеков парламенттик достук топтору аркылуу боюнча өз ара кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын билдирди. «Биздеги парламенттик демократия али жаш. Биз үчүн Жапония сындуу демократиялык жол менен өнүккөн мамлекеттердин колдоосу абдан маанилүү»,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Жапония Парламентинин Өкүлчүлүк жыйынынын спикери Б.Ибуки Кыргызстандын парламенттик делегациясын жылуу кабылдоо менен, Төраганын расмий иш сапары эки тараптуу мамилелердин улам өсүп бараткан жандануусун бекемдээрин айтты. Ал бул расмий иш сапар эки тараптуу кызматташтык алакаларды арттыруудагы маанилүү этап болуп калаарына ишене турганын билдирди. «Эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууда биздин депутаттык достук топтор чоң роль ойнойт. Жапон парламентчилери Өкмөт менен бирдикте Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоо боюнча иш-аракеттерди күчтөндүрөт»,- дейт Б.Ибуки. Ал кыргыз-жапон мамилелерин бекемдөө алкагында 2015-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык марафонго Жапония парламентчилеринин катышуусунун маанисин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөөдө, анын ичинде экономика, билим берүү, маданият жаатында эки жактын кызыкчылыктарын белгилешти.
Парламентчилердин диалогу жетекчиси жапон тараптан депутат Гэн Накатани болгон «Жапония-Кыргызстан» парламенттик достук лигасынын алкагындагы жолугушууда уланды.
Эскерте кетсек, Төрага А.Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында Төраганын орун басары Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов, Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү Турсунтай Салимов жана Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Алтынбек Сулайманов бар.




Leave a Reply