Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 10-11-декабрь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти
Төрага Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги астында Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 5-декабрда парламенттин 2014-жылдын 10-11-декабрь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
10-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстандын Бажы бирлигинин курамына кирүүсү боюнча кезектеги мыйзам долбоорлорунун пакетин 3-окууда кароо пландаштырылды. Ошондой эле бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралмакчы.
Жогорку Кеңеш депутаттары 11-декабрда 2015-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2016-2017-жылдарга карата болжолун 3-окууда талкуулашат. Мындан сырткары, парламент жыйынында “КР кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Патент мыйзамы”, “КР ички иштер органдары тууралуу” мыйзамдарга жана ошондой эле Жарандык жана Кылмыш кодекстерине түзөтүүлөр каралат.


Leave a Reply