карамушкнина1

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Карамушкина Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы “Нурани” балдарга инклюзивдүү билим берүү борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун директору Нурания Касымованын маалымдашынча, бул билим берүү борбору өзүнүн жеке үйүндө курулуп, 100 балага ылайыкташтырылган. Азыркы тапта борборго 22 бала катталган. Айтымында, борбор тубаса майып (ДЦП синдрому коштолгон) балдарга багытталган. “Албетте, биз эч кимге баш тартпайбыз, баардык муктаж болгондорду кабыл алабыз. Биз үчүн эң башкы милдет балдардын интелектуалдык дараметин ачуу, аларды бутуна тургузуу болуп саналат”,- дейт ал. Иш-чаранын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Маевка айылындагы ушундай эле борбордун директору Рима Дүйшеева өз иши тууралуу айтып, “Балдардын көпчүлүгү аймактардан келишет. Биз аларга жардам бергенге – социалдык чөйрөгө аралашуусуна жана билим алышына колдон келишинче аракеттенебиз”,- дейт. Ал Маевкадагы борбор 6 жылдан бери иштеп келе жатканын, азыркы учурда Бишкек шаарына борбордун чоң филиалын ачуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Депутат И.Карамушкина реабилитациялык борборлордун саны арбып жатканына карабастан, майып балдар менен иштөө методикасы жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпагандыгын баса белгиледи. “Мындай борборлордун ачылышы жалпы коомчулук үчүн үлгү катары кызмат кылышы керек. Бийликтин жергиликтүү органдары уюштуруучуларга жигердүү колдоо көрсөтүштү, биз баардык бюрократиялык жагдайлардын чечилишин тездетүүгө аракеттендик”,- дейт депутат. Эл өкүлү мындай жагдайларга жергиликтүү коомчулук, жеке демөөрчүлөр тараптан колдоо өтө зарыл экенин белгиледи.