Жогорку Кеңеш КРнын билим берүү жана илим министри кызматына Э.Сариеванын талапкерлигин жактырды
Депутаттар Э.Сариевага жаңы ордунда ийгиликтерди каалашты.
«Бизде борбордо студенттер окуу жайларын аяктап, топ-тобу менен ушул жерде калып жатышат, ал эми айылдарда врачтар жетишпейт. Ошондой эле, социалдык турак жайлар менен көйгөйлөр бар. Сиз ушул маселелерди чечесиз жана бизди уят кылбайсыз деп үмүттөнөм. Биз сизге ишеним көрсөтүп жатабыз», – деди депутат Кожобек Рыспаев («Ар-Намыс»).
Депутат Айнуру Алтыбаева («Ар-Намыс»), Э.Сариевага, Кыргызстанда билим берүү системасы приоритетте экенин эскертти.
«Биздин негизги потенциал – билимдүү ресурс. Сизге, мураска оор министрлик калат деп ойлом. Сиз, менимче, билесиз, эл аралык иликтөөлөргө ылайык биздин балдар билими боюнча акыркы тизмеде турат. Сиздин келишиңиз менен биз бул рейтингде көтөрүлүп, 1-орунду ээлейбиз деп ишенем», – деди ал.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен билим берүү жана илим министрине Э.Сариеванын талапкерлиги үчүн каттоодон өткөн 73 депутаттын бардыгы «макул» деген добушун берди.


Leave a Reply