Жогорку Кеңеш көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын берүү жөнүндө токтом кабыл алды
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору добушка коюлуп, бир добуштан колдоого ээ болду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Мындай демилге менен Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев баштаган Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары чыгышкан.
Маселе Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим,маданият жана спорт боюнча комитетинде каралып, жогорудагыдай токтом долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна сунушталган.


Leave a Reply