Онкологический1

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Эркин Сакебаев, депутаттар Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева, Майрамгүл Тиленчиева жана Элмира Жумалиева Улуттук Онкологиялык борбордун жана андагы онкологиялык оорулуулардын абалынан кабар алып келишти.

Эл өкүлдөрү Онкологиялык борбордун ремонт болуп жаткан имаратын кыдырып, борбордогу бейтаптар менен баарлашты.

Бейтаптар ремонттун айынан таза суу жаңы гана берилгендигин, ажаткананын баары иштебей жатканын, жылуулук үчүн үйдөн жылытуу жабдыктары алынып, колдонулуп жаткандыгы, дары-дармектердин кымбаттыгы сындуу көйгөйлөрдү тизмектешти. Ооруканадагы ремонт иштеринен улам оңтойсуз шарттарга күбө болушту. Борбордук оорукананын дарыгерлери чоң-чоң операцияларда, тилекке каршы, дарыларды оорулуулардын өздөрү алуусуна туура келерин белгилешти. Ал эми республикалык бюджеттен каралган каражатка анча-мынча антибиотиктер сындуу дары-дармектер менен таңуучу материалдарга гана жетерин кошумчалашты.

Онкологиялык борбордогу дагы бир көйгөй – кошумча имараттар болуп турса дагы бейтаптарды ал жактарга көчүрбөй туруп, ремонт иштери жүрүп жаткандыгы болду. Ал эми мындай имараттарда жеке жактар ижарада турат. Эл өкүлдөрү мындай жеке клиникалардын өкүлдөрү менен да жолугушту.

Онкологиялык борбордун абалын өз көздөрү менен көргөн эл өкүлдөрү онкологиялык оору менен ооруган жарандардын дарылануудагы көйгөйлөрү тармактык комитетте терең талдоого алынып, тиешелүү жыйынтык чыгарылышы керектигин белгилешти.

Эске салсак, өткөн аптада жогоруда аталган депутаттар онкологиялык оорулуулар менен жолугушуп, Онкологиялык борбордун оор абалынан маалымат алып, бул багытта тыкыр иш алпарууга убада беришкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.