спратлен

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Тараптар эки тараптуу мамилелерди кеңири талкуулап, анын ичинде кыргыз-америка алакасынын келечегин, Кыргыз Республикасындагы парламенттик демократиянын жетишкендиктерин, жарандык коомдун өнүгүшүн жана шайлоо системасын талкууга алды.
Төрага А.Жээнбеков Кыргызстан АКШ менен болгон мамилелерге өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ал Кыргызстан акырындык менен парламенттик өнүгүү жолунда баратканын, анын негизинде өлкөдө туруктуулук, мамлекеттик башкарууда реформалар жүрүп жатканын билдирди. «Жаңы саясий системанын негизинде Кыргызстанда мамлекеттик чечимдер ачык-айкын жүрүп, коомчулуктун көз карашы эске алынууда. Башмыйзам баардык жарандардын укуктарынын кепилдиги катары натыйжалуу иштеп жатат”, – деди Төрага. Шайлоо системасына токтолгон А.Жээнбеков алдыдагы негизги милдет катары 2015 жана 2017-жылдардагы шайлоолорду таза, ачык-айкын өткөрүү жоопкерчилиги турганын эске салды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА