ЖК комитети КР 2013-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө долбоорду жактырды
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймакты өнүктүрүү комитетинин мүчөлөрү бүгүн, 24-ноябрдагы отурумунда КРнын «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.
Каржы министринин орун басары Алмазбек Бакетаевдин айтымында, 2013-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 10,5% деңгээлинде болуп, 2012-жылга салыштырмалуу 10,6%га өсүп, ИДПнын номиналдуу көлөмү 350 млрд сомго жетти.
Экономиканын реалдуу өсүшү Кумтөрдү эсепке албаганда 5,8%ды түзүп, өсүүнүн жыйынтыгы менен өндүрүш жана өнөр жайда 3,5%, айыл чарбасында — 2,9%га, кызмат көрсөтүү тармагында — 5,4%га, курулуш тармагында — 12,4%га жетти.
2013-жылдын декабрь айына карата керектөөдөгү баанын индекси 4% түзгөн. Мурунку жылдын көрсөтүлгөн убактысына карата керектөөдөгү баанын индекси 6,6% (2012-жылы 2011-жылга карата 2,8% түзгөн) түзгөн.


Leave a Reply