Ош

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык мыйзамдардагы көйгөйлөр» темасындагы Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин көчмө жыйналышы 28-ноябрда Ош шаарында өтөт. Максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана талкуулоо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

 Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин көчмө жыйынынын программасы:

10:20 – 10:55. Катышуучуларды каттоо. Кофе брейк.

11:00 – 11:10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чөйрөсүнө таандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору.
Доклад жасоочу – Никитенко Наталья Владимировна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы.
(эскертүү: алып баруучу Н.Никитенко).

11:10 – 11:20. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын ажыратуу тууралуу конституциялык жобону ишке ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдөгү көйгөйлөр.
Доклад жасоочу – Касиев Накен Касиевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

11:20 – 11:30. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана күчүнө киргизүү тартибин жакшыртуу.
Доклад жасоочу – Орозбаев Бектурган Ибраимович, «Өнүктүрүү саясат институту» мекемеси тарабынан ишке ашырылуучу «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун укук маселелер боюнча адиси.

11:30 – 11:40. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча администрациялык укук бузган адамдарга администрациялык жаза-чара колдонуу тартибин жакшыртуу.
Доклад жасоочу – Орозбаев Бектурган Ибраимович, «Өнүктүрүү саясат институту» мекемеси тарабынан ишке ашырылуучу «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун укук маселелер боюнча адиси.

11:40 – 13:40. Комитеттин жыйынынын катышуучуларынын суроолору, жооптору жана сунуштары.

13.40 – 14.00. Жыйынтыктоо, Комитеттин жыйналышын жабуу.

Убактысы жана орду: 2014-жылдын 28-ноябры, саат 11-00, Ош шаары, Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы