Жер титирөө катталды
2014-жылдын 12-декабрында саат 02:42де КРнын улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун (КР УИА СИ) сейсмостанциялары очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөөнү катташкан. Магнитудасы (Mpv)=3,5 энергетикалык классы K= 8,2).
Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу
Ничке-Сай айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Кайрат айылынан 9 чакырым түштүктү карай, Өзгөн шаарынан 25 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү сезилген жок.
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 12-декабрында саат 03:57де сейсмология институтунун (КР УИА СИ) сейсмостанциялары очогунда 4 баллга жектен жер титирөөнү катташкан.
Эпицентринин координаттары φ =_39град 43мин с.ш. λ =73 град 37 мин в.д.
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Ош облусунун Алай районундагы Көк-Суу айылында-4 балл, Сары-Таш айылында-3,5 балл, Нура айылында -3 баллга сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.


Leave a Reply