БОДО

Айыл чарба тармагы кыргыз экономикасында  бараандуу орунду ээлейт. Бирок учурда айыл чарба жерлеринин күчү кетип, бул түшүмдүүлүктүн төмөндөөсүнө алып келүүдө.  “Экокоопсуздук” коомдук бирикмесинин  жетекчиси  Вячеслав Наумовдун  айтымында  узак жылдар бою  минералдык жер семирткичтерди пайдалануудан  айдоо аянттары арыктап, күрдүүлүгүн жоготууда.  Эң негизгиси дыйкандарыбыз  жерди туура пайдаланууга маани беришпей жатат. Вячеслав Наумов  ар кандай минералдык жер семирткичтердин  ордуна малдын кыгын пайдаланууну сунуш кылууда.  Анын айтымында, республикабызда  1 млн. 200 миң  бодо мал бар. Алар күнүнө 40 кг  кык беришет. Ошондо канаттуу жандыктарды  кошпогондо  жылына 17 млн. тонна  кык алабыз.  Эгерде биз буга биокошулмаларды кошуп, кайра иштетсек  35 млн. тонна    жер семирткич  алабыз.  Мындай жер семирткичте жер кыртышына керектүү бардык азык заттар болгондуктан  жердин  асылдуулугуна  жакшы өбөлгө болуп,  экологиялык  таза  жана арбын  продукция алууга шарт түзөт.  Көп учурда бизде айдоо аянттарыбызга  жетишерлик  өлчөмдө малдын кыгы жок дешет. Бирок бул туура эмес,  курулай сөз,-дейт  В.Наумов.

Бегим ТУРДАЛИЕВА