Жең ичинен иш бүтүрүү токтобой жатат
27-ноябрда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев от жагуу сезонуна карата бөлүштүрүүчү энергетика компанияларынын жетекчилери менен 9 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.
“Азыр бөлүштүрүүчү компанияларга элдин ишеними аз. Анткени, алардын кызматкерлери жең ичинен иш бүтүргөн адаттарын ташташа элек. Энерготармакта абсолюттуу ачыктыкты камсыздоо максатында алардын иштерин катуу көзөмөлгө алабыз”, – деп айтты Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчысы компания жетекчилерине акчалай жыйымдарды өз убагында жана 100% чогултуу керектигин да эскертти.


Leave a Reply