боронов117-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубат Бороновду кабыл алып, жолугушууда 14-ноябрда Ысык-Көл областында орун алган 7 баллдык жер силкинүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

“Жер титирөөнүн кесепеттерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана калк менен биргеликте, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо объектилеринде жоюу керек”,-деп айтты Президент.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өлкөбүздүн Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мындай кырсыктар учурунда кыйроолордун санын азайтуу үчүн турак жай куруунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Алмазбек Атамбаев мындан тышкары өлкө жарандарынын турак жайларын милдеттүү камсыздоону киргизүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Кошумчаласак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин маалыматы боюнча силкинүү катталган аймактан турак үйлөрдү изилдөөгө 1 миң 232 адамдан жана 13 социалдык объекти жетекчилеринен арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгү Тоң районунда. 33 турак үй 4-даражадагы олуттуу зыян алган. Андай үй ээлерине үстөксүз узак мөөнөттүү ссудалар берилет.