Жаңы ачылган “112” Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына 15033 чалуулар болду
Мындай маалыматты КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары полковник Азамат Мамбетов министрликтеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Анын айтуусу боюнча, көпчүлүк убакта жарандар жөн гана бул кызматты текшерүү же сыноо үчүн деле телефон чалышып, кызматкерлердин убакыттарын алышып жана башка чалууларга тоскоолдук жаратышууда. “Мисалы, “112” Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматы ишке киргенден бери Бишкек шаары боюнча 9504 чалуу болгон. Анын ичинен жалган чалуулар-9245, тастыкталган чалуулар-259, ал эми тастыкталган чалуулардын ичинен “101” өрткө каршы кызматы боюнча-13, “102” милицияга кайрылуу боюнча–52, “103” медициналык тез жардамга кайрылуу боюнча–151 жана “185” Мэрияга кайрылуу боюнча-43 чалуу катталган.
Ал эми Ош шаары боюнча жалпы 5799 чалуу катталса, анын ичинен: жалган чалуулар-5613, тастыкталган чалуулар – 186, тастыкталган чалуулардын ичинен “101” өрткө каршы кызматы боюнча- 49, “102” милицияга кайрылуу боюнча – 56, “103” медициналык тез жардамга кайрылуу боюнча-153 жана “185” Мэрияга кайрылуу боюнча-28 чалуу катталган”-деди А.Мамбетов.
Эскерте кетсек, республика боюнча жалпысынан 15303 чалуу болсо, анын ичинен жалган чалуулар-14858, тастыкталган чалуулар – 445, тастыкталган чалуулардын ичинен “101” өрткө каршы кызматы боюнча-62, “102” милицияга кайрылуу боюнча – 108, “103” медициналык тез жардамга кайрылуу боюнча –204 жана “185” Мэрияга кайрылуу боюнча- 71 чалуу катталган.


Leave a Reply