тез жардам

 Бишкек шаардык тез жардам кызматы станциясы акыркы сутка ичинде 342 чакыруу боюнча чыгып, 77 адам ооруканаларга жеткирилди.

Аталган станция бүгүн, 11-декабрда АКИpress агенттигине билдиргендей, дарыгерлер  өз өмүрүнө кол салган жаранга жана жол транспорт кырсыгынын жабыралунуучуларына жардам көрсөттү.

Саат 09:57де Туңгуч кичи районунун аймагынан 37 жаштагы аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, денесинин курсак бөлүгүнө бычактан жаракат алган. Жабырлануучу Улуттук хирургия борборуна жаткырылды.

Саат 01:11де Ден-Сяопин менен Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркады. 32 жаштагы аял, 20 жана 23 жаштагы жигиттер башынан жаракат алып, Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды.

Саат 12:01де Жибек Жолу проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинен жеңил унаа сүзүп кеткен 8 жаштагы бала бел тарабынан жаракат алып, №3 балдар ооруканасына жеткирилди.

Акыркы сутка ичинде 2 биологиялык өлүм катталды. Саат 07:26да Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан кароолчулук будканын ичинен 63 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Жансыз денеде кыйналган белгилер жок, деп айтылат маалыматта. Анын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.