Ынтымак ырашкерликтин жыйырманчы жылы
Учурда Кыргызстанда жашаган калктын 70%га жакынын кыргыздар, 14%га жакынын өзбектер, 12%дайын орустар түзөт. Алардан тышкары гректер, болгарлар, америкалыктар менен француздар, словактар менен арабдар, албандыктар, австралиялыктар менен вьетнамдар, хорваттар, татар, тажик, казак, уйгур, дунган жана башка жүздөн ашык
улуттун өкүлдөрү Ала-Тоонун асманы алдында ынтымак-ырашкерликте күн кечиришүүдө.
Бир кылым илгери кыргыздардын саны 600 миңдей болсо, азыр 4 млн. адамга жакындады. Орустар 19-кылымдын 60-жылдары Кыргызстандын аймагына отурукташа баштаса, украиндер алар менен кошо келишкен. Ал эми татарлар 20-кылымдын башында Кыргызстанга байырлашса, дунгандар Кытайдын түндүгүнөн 1877-жылы куугунтукка кабылышып, кыргыз жергесине баш калкалоого мажбур болушкан.
Мындан 20 жыл илгери Кыргызстанды байырлаган этностор арасында ынтымакты чыңдоо максатында Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлгөн.
19-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев аталган коомдук бирикмени 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Анда “Сиздерди Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!
1994-жылдагы Кыргызстан элинин биринчи жалпы улуттук курултайы жаш эгемен өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ окуя болгон. Себеби, бул Курултайда жаңы коомдук уюмду – Кыргызстан элинин Ассамблеясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдыгы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына туш келгени жакшы жышаан. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө өлкөбүздө жашап жаткан жарандардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоосуз мүмкүн эмес”, деп айтылат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply