«Ветеринария жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзам ветеринария жаатындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, каржы-экономикалык негиздерди аныктайт,адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам менен «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.


Leave a Reply