Валюта алмаштыруу пункттары валюта курсуна “оюн” салбашы керек
Акыркы убактарда валюта алмаштыруучу пункттардын спекулятивдик ишмердиги Улуттук банк тарабынан сынга алынып, аларды жабуу же жаппоо маселеси коомчулукта талкууга айланды. Бирок Өкмөт алмаштыруу пункттарын жабууга ниеттенбей тургандыгын экономика министри Темир Сариев «24.kg» агенттигине билдирген. Анын айтымында Кыргызстанда ишкерчиликке белгилүү бир чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Улуттук банкта валюта рыногун жөнгө салуу укугу болушу керек. Себеби, ал улуттук валюта курсуна жана акча-кредиттик саясатка жоопкерчиликтүү орган. Биз биргелешип компромисстик чечимге келебиз. Спекулятивдик оюндар болбошу Улуттук банк тарабынан талап катууланышы зарыл,- деп билдирет министр.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Leave a Reply