Баласагын

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Улуттук университети ысымын алып жүргөн улуу ойчул, илимпоз жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө боюнча маарекелик иш-чаранын уюштуруу жана белгилөө тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоорун каралды.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев ЮНЕСКОнун эгидасы астында улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө маселеси каралганы

жатканын маалымдап, “Биз бул чыгаан инсанды улуттук баалуулуктардын катарында улуу рухий мурас катары таануубуз кажет”,- дейт.

Талкуунун соңунда көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен сунушталган Жогорку

Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы