Дүйшөн Ирсалиев

Кадыржан Батыровдун мүлктөрү тартылып алынган жана улутташтырылган. Бирок бул мүлк мамлекетке киреше берип жаткан жок. Мурда ал  Жалал-Абад облусунун балансында болуп келген,-  деп айтты Маммүлктү башкаруу фондусунун төрагасы  Дүйшөн Ирсалиев  бүгүн  24.kg маалымат агенттигине берген маегинде.  Фонд төрагасынын маалыматы боюнча мындан ары  мамлекетке алынган  мүлктөрдүн баары атайын түзүлгөн мамлекеттик ишкананын карамагында болот. Анын жетекчилиги дайындалган.  Ишкана мамлекеттин  пайдасына иштейт.  Азырынча канча пайда келтирет так айтуу кыйын. Бул  жакынкы кезде иликтенип, белгилүү болот.

Маммүлк фондусунун төрагасы ошондой эле  БНК компаниясынын арзан баада сатылып, кайра 3 эсе кымбат  баага сатылганын ырастап, бул боюнча кылмыш иши козголгонун жана бул обьект боюнча  кайра иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Бегим ТУРДАЛИЕВА