шыкмаматов123

Бүгүн, 2-февралда парламенттик Коалициялык көпчүлүктүн кеңешинин мүчөлөрү КРнын Президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин, Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсүнө даттануусун карашты. Министр А.Шыкмаматов өз кезегинде кечирим суроодон баш тартты. «Мен кийинки чыгууларда эле мен мындай деп айтпаганымды билдиргем. Коалициялык көпчүлүктүн кеңешинде дагы кайталап койгум келет. Менин сөздөрүм туура эмес интерпретацияланган. Журналист мага телефондон жеке суроо берди. Бул расмий маек эмес болчу. Мамлекеттик кызматкер өзүнүн пикирине укуктуу. Бул сөз эркиндиги. Ошондуктан мен кечирим сурабайм», – деди Шыкмаматов. «Мен бул жөнүндө айткан эмесмин. Журналист мага көп суроолорду берди. Биринчи А.Салянованын иштен кетишинин себептери жөнүндө сурады. Мен ал өз каалоосу менен арыз жазгандыгын айтып, ал качып жүрөт деген имиштерди четке кактым. Мындан кийин журналист бул Икрам Илмияновдун оюну болушу мүмкүнбү деп сурады. Мен мындай деп ойлобогондугумду айттым. Андан кийин ал: «Бул кызматка ким келет деп ойлойсуз?» – деп сурады. Мен бул кызматка Д.Нарымбаев дайындалышы мүмкүн экендигин айттым. Бул менин адам катары мамлекеттик кызматкер катары анализим. Мен бул жерде эмнеге мындай одоно интерпретация колдонулгандыгын түшүнбөйм. Анын үстүнө мен тактаган мааниде айткан эмесмин. Бул контексттен алынган болжолдоо болчу», – деди ал.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА