Орусиянын Тюмень шаарында акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата маданият күндөрү болуп өттү. Бул тууралуу 30-октябрда Замандаш ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда алгач “Токтогул: Улуу кыргыз акыны жана чыгыш булбулу” аттуу конференция өткөрүлдү.  Ага Тюмень облустук улуттар комитетинин башчысынын орун басары Владислав Чернов, КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун өкүлү Нургүл Токтосунова, Замандаш ассоциациясынын өкүлдөрү Сыдык Жолнов, Абдыжапар Нурдинов, Тарых илимдеринин доктору Ханиса Алишина жана кыргыз диаспораларынан өкүлдөр катышышты.
Акындын 150 жылдыгына карата “Сайра комуз” аттуу эл аралык фестиваль орун алды. Ошондой эле кыргыз кол өнөрчүлөрүнө таандык буюмдар көрсөтүлдү.
Булак: super.kg