нон-стоп1

Татарстандын борбору Казань шаарында эл аралык популярдуу заманбап музыка сынагынын жарым финалы бүгүн, 19-ноябрда өтөт.

24 мамлекеттин ырчылары катышып жаткан ыр-таймашка Кыргызстандан Non-Stop дуэти барган. Түрдүү мамлекеттерден келген калыстар тобунун катарында Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова да бар. Жарым финалдан утуп чыккан 12 ырчы 21-ноябрда финалда ат салышат. Кыргызстандын атынан Non Stop дуэти улуттук тандоо туруна катышкан 20дан ашуун талапкерлер арасынан тандалган.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА