«Тойбос» компаниясынын колбаса чыгаруучу ишканасында жараксыз продуктулардын топтому табылды (фото)
«Тойбос» компаниясынын колбаса чыгаруучу ишканасында колбаса даярдоо үчүн чийки заттардын ыргытыш керек болгон продуктылар топтому сакталып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик антимонополия агенттиги менен Мамветинспекциянын биргелешип жүргүзгөн мониторингинде белгилүү болду.
Ветеринардык инспекторлордун айтымында, мындай нерселерге жол берилбейт.
«Өтпөй, кайтарылган продуктылар жоготулушу керек. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, керектелбей калган продукция муз тоңдургучта эки ай турат. Ошондой эле, муз тоңдургучтан тийиштүү документтерсиз уй эти табылды», – деди ал.
Булак : Баракелде
Leave a Reply