Токтогул районунун суу чарба объектилерин каржылоо боюнча түзүлгөн атайын фонддордун ишмердүүлүгү иликтениши керек
Бул тууралуу депутат Данияр Тербишалиев 18-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында жергиликтүү тургундар кайрылышкандыгын маалымдады.
Токтогул суу сактагычын курулуп, 33 миң гектар жер суу алдында калып, ал жакта жашаган Кетмен-Төбөнүн эли башка жактарга көчүрүлгөн. 1997-жылы Өкмөттүн токтому менен Суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдында Токтогул районунун суу чарба объектилерин финансылоо боюнча атайын 6 фонд, мамлекеттик ишкана түзүлгөн жана мыйзам кабыл алынган. 17 жылдын ичинде аталган фондго жалпысынан 725 миллион сом которулган.
Бул фонддор боюнча депутат Данияр Тербишалиев токтогулдуктардын келип түшкөн арызына шилтеме жасап, бул 17 жылдын ичинде бир дагы көзгө көрүнөөрлүк суу чарба объектиси курулбагандыгын, которулган акча-каражаттары белгисиз жана шектүү жеке менчик фирмаларга бөлүнгөндүгү билдирип, бир катар мисалдарды келтирди.
Эмнегедир азыркы күнгө чейин укук коргоо органдары мындай маселелерге баа бербей келе жатканын белгилеген Д.Тербишалиев эл суу маселеси чечилбесе акцияларга чыгабыз деп жаткандыгын эскертип, Жогорку Кеңештин деңгээлинде комиссия түзүлүп, мындай жагымсыз жагдайларды жеринен барып иликтеп келүүсүн өтүнүп жатканын айтты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply